27- Март 1997 -жылы
BLACKPINK тобунун солисти Лиса туулган
BLACKPINK тобунун солисти Лиса Таиланддын Бангкок шаарында туулган. Өзүнүн аты Пранприя Манобан, сахнадагы аты Лалиса Манобан (Манобал). Топтогу башкы бийчи, рэп аткаруучу, бэк-вокалист, кенжеси. Англис, тай, япон, корей тилдерин билет. Кичинекей кезинен тартып бий менен алектенип келген. 2010-жылы Таиландда YG агенттиги тарабынан тандалып алынган жалгыз катышуучу. Ал 2011-жылы Түштүк Кореяга келип агенттиктин катарына кошулат. Дебютка чейин өзүн модель катары көрсөтүп, клипке тартылган. Кореяда трейни болгону үчүн эле ал Таиландда атактуулукка жеткен. Учурда Түштүк Кореядагы инстаграмда катталуучусу эң көп айдол айым катары белгилүү.