17- Апрель 1982 -жылы
Түштүк Кореялык актёр, модель жана ырчы И Жун Ки туулган
"Алоолонгон жүрөктөр: Корё" сериалындагы образы аркылуу Азия боюнча популярдуулукка жеткен Түштүк Кореялык актёр, модель жана ырчы И Жун Ки 36 жашка толду. Ал 1982-жылы 17-апрелде Пусан шаарында төрөлгөн. Өжөр, тырышчаак жана аракетчил артисттер тууралуу сөз болгондо И Жун Ки жөнүндө кеп кылган туура. Көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан И Жун Ки кыялын ишке ашыруу үчүн таанышы да, акчасы да жок болуп туруп Сеулга көчүп келген. Борбор калаадагы Инскусство институтуна киргенге чейин бир канча жумушта иштеген.
2001-жылы модель катары дебют жасап, музыкалык клиптерге, жарнамаларга тартыла баштаган. 2005-жылы "Падыша жана Шут" аталышындагы сериал менен аты чыга баштаган.
2008-жылы Mentor Entertainment агенттиги менен пикир келишпестик чыккан. Ал менеджери менен биргеликте өзүнүн жеке агенттигин ачууга аракет кылышы менен келишимди бузганы айтылган. Mentor Entertainment агенттиги аны сотко берип, ири суммадагы акчаны талап кылган.
Актёрлук менен чектелбей ырдап чыккан И Жун Ки Түштүк Корея, Кытай жана Японияда миңдеген күйөрмандарына концерттик турларды өткөрүп келет. Чет өлкөлөрдөгү популярдуулугу арткан актёр 2009-жылы Туризм боюнча уюмдун өкүлү болгон.
2010-жылы И Жун Ки өзүнүн JG Company агенттигин ачкан. 2010-жылы 3-майда ал аскердик кызмат өтөөгө чакырылган. Анын чукул аралыкта аскерге чакырылышын саясатка байланыштыргандар да болгон. Ал "18-май" аталышындагы сериалда төңкөрүш жасоого аракет кылган адамдын ролун жаратканы үчүн Түштүк Кореянын мурдагы президенти И Мёң Пак тарабынан "кара тизмеге" киргизилгени айтылган. Мындан сырткары АКШдан этти импорттоого каршылыгын билдиргени да тизмеге кирүүсүнө себеп катары белгиленген. Дал ошол "кара тизмеге" байланыштуу актёр сериалга тартылып жатканына карабай чукул аралыктар аскердик кызматка чакырылып калган.
Анын чыгармачылыгындагы кульминациялык учур 2016-жылы "Алоолонгон жүрөктөр: Корё" сериалынан кийин болгон. Кытайда ошол жылдары корей сериалдарын көрсөтүүгө тыюу салынганына карабай бул сериал Кытайда көрүүлөр боюнча 2 миллиардга жетип рекорд койгон.
Актёр 2016-жылы "Жамандык торуган жай" тасмасынын акыркы бөлүгүнө тартылып, Голивудда да дебют жасаган.
2017-жылы апрель айында анын актриса Чон Хё Бин менен сүйүү мамилесинде экени ачыкка чыккан. Ошол эле жылдын август айында алар жумушуна байланыштуу мамилесин токтотушканы белгилүү болгон.