3- Май 1966 -жылы
Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев туулган
Жогорку Кеңештин депутаты Азизбек Турсунбаев 1966-жылдын 3-майында Ош облусундагы Ала-Бука районунун Кызыл-Ата айылында туулган.
1994-жылы Кыргыз медициналык институтунун стоматологиялык факультетин аяктаган. 1997-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн. 1994-1995-жылдары Ош областтык стоматологиялык поликлиникасында интернатурада окуган.
Эмгек жолун 1983-жылы Ала-Бука районунун "Бирлик" совхозунда жумушчу болуп иштөөдөн баштаган.
1995-1999-жылдары жеке ишкер;
2000-2003-жылдары Панфилов районунун Кайыңды шаарчасынын "Шекер-Ордо" ЖЧКнын соода-сатык иштери боюнча башчысы;
2003-2005-жылдары "Ошкрастекст" ЖЧКнын Бишкек филиалынын директорунун орун басары, директор;
2005-2007-жылдары Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2007-жылы Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты болуп шайланган.
2011-жылы Жалал-Абад облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатору болгон.
Үй- бүлөлүү, 4 баланын атасы.