22- Май 1991 -жылы "EXO" тобунун лидери Сухо туулган
"EXO" тобунун лидери Сухо Сеул шаарында туулган. Өзүнүн аты - Ким Жун Мён. Атасы жогорку окуу жайында профессор, апасы үй кожейкеси. Өзүнөн 4 жаш улуу агасы бар. Сухо мектепте да, университетте дагы мыкты окугандардын катарында болгон. Сухо 2006-жылы SM Entertainment агенттигине тандалып, ырдоо, бийлөө боюнча сабак ала баштаган. Ал жакта чогуу жүргөн досторунун көбү дебут жасаганда депрессияга кабылганын айтканы бар. 6 жылдан кийин гана "EXO" тобунун 9-мүчөсү катары кошулуп, дебют жасаган. Топтун мүчөлөрү "Суходо ханзаада синдрому бар" деп айтып келишет. Ал жылмаюусу менен айымдардын жүрөгүн тез багындырат. Топтогу ырчылардын катарында сериалдарга тартылып жүргөнү менен бул тармактагы дебюту 2015-жылы "Биз нур чачкан күн" ("Акыркы чекитке чейинки саякат") тасмасында жасалган. Бул фильм Пусан шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда да көрсөтүлгөн. Ошол эле жылы тасма кинотеатрлардан коюлуп, билеттер 15 мүнөттө сатылып кеткен. Андан кийин "Нан, кандайсың?" аттуу сериалда башкы ролду аткарган. "EXO" тобунун күйөрмандары кумиринин туулган күнүндө жер тилкесин сатып алып, дүйнөдөгү ири шаарларда чоң сүрөттөрүн илип, журналдар аркылуу куттуктап өзгөчө белек бергенди жакшы көрүшөт. 2017-жылы Сухонун Түркиядагы 135 күйөрманы кан тапшыруу боюнча донор болушкан. 2019-жылы Твиттерде #KIMJUNCOTTONDAY хэштеги популярдуу болуп, дүйнөлүк рейтинге алдыңкы орунга чыкты.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан