27- Май 1969 -жылы
Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы Эрлис Тердикбаев төрөлгөн
Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы Эрлис Тердикбаев 1969-жылы 27-майда Чүй облусунун Ысык-Ата айылында туулган.
Алматыдагы жогорку аскер командалык училищесин жана Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн жалпы аскердик академиясын аяктаган.
2014-жылы Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын аскер академиясын бүтүргөн.
1986-1990-жылдары Алматыдагы жогорку аскер командалык училищесинде курсант;
1990-1992-жылдары Кавказ аскер округунун мотоаткычтар полкунда кызмат өтөгөн;
1992-жылдан тарта Коргоо министрлигинде иштеген;
2017-жылы январда Куралдуу күчтөрүнүн кургактагы аскер командачылыгына дайындалган.
2018-жылдын 20-апрелинен тарта Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча комитетинин төрагасы болуп дайындалган.