29- Май 1993 -жылы Актёр жана алып баруучу Нурсултан Курсанали уулу төрөлгөн
"Жарайт сити", "Эл эмне дейт?" долбоорлоруна тартылган актёр, сценарист, алып баруучу Нурсултан Курсанали уулу 1993-жылы 29-майда Бишкек шаарында төрөлгөн. 
Борбордогу №12-мектепти аяктагандан кийин Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин кыргыз-герман техникалык факультетин аяктаган. Москва шаарындагы Улуттук технологиялык изилдөө университетинде автоматташтыруу боюнча магистрдик билим алган. 
2015-жылы Нурсултан Курсанали уулу, Аким Карасаев, Элдияр Эшимбеков, Илгиз Куватбек, Мыктыбек Мукаев болуп Орусиянын "Comedy Баттл" долбооруна катышкан. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан