12- Июнь 1966 -жылы Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов туулган
Депутат Зиядин Жамалдинов 1966-жылдын 12-июнунда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жал айылында туулган. Ал 1988-жылы Фрунзедеги политехникалык институтунун технология факультетин, 1996-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономикалык укук таануу факультетин, 2003-жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономикалык укук таануу факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1988-жылы Оштогу этконсерва комбинатында бригадир-товаровед болуп баштаган, кийинчерээк таразачы, даярдоочу, уста (мастер) болуп ошол эле ишканада 1994-жылга чейин иштеген. 1994-1995-жылдары Ош облусунун Салык полиция башкармалыгынын ыкчам ыйгарым укуктуусу (оперуполномоченный) кызматында иштеген. 1997-2001-жылдары - Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын инспектору, ага инспектору, 2001-2002-жылдары - Ош облусу боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын башкы салык инспектору, ага инспектору, 2002-2003-жылдары - Ош шаары боюнча Мамлекеттик салык инспекциясынын ага инспектору, башкы инспектору. 2003- 2005-жылдары - Ош облусу боюнча Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) ыйгарым укуктуу өкүлү. 2005-2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III-чакырылышынын депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук реформа жана адам укуктары боюнча комитетинин төрагасынын орун басары. 2007-2010-жылдары - «Ак Жол» саясий партиясынан IV-чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, Миграция, эмгек, социалдык саясат жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары. 2010-2011-жылдары - Кыргыз Республикасынын Суу чарба жана мелиорация Мамлекеттик комитетинин төрагасы. 2015-жылдын 4-октябрында Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан VI чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан