12- Август 1953 -жылы
Семипалатинсктеги ядролук полигондо дүйнөдөгү эң алгачкы суутектүү бомба текшерүүдөн ийгиликтүү өткөн
Советтер Союзу менен Америка Кошмо Штаттары ортосундагы тирешүү күч алып, "кансыз согуш" жандана баштаган маалда Советтер Союзу биринчи советтик водороддук бомбаны жардырган. Бомба Казакстандын Семипалатинск аймагында сыналган. Жардырылган бомбанын кыйраткыч күчү аскер адистерин эле эмес, океандын ар жагындагы саясатчыларды да түйшөлткөн. Кийин адистер белгилегендей, аталган бомбанын эпкини Кыргызстан аймагына тийип, онкологиялык оорулардын күч алышына себеп болгон.