Режиссёр Мирлан Абдыкалыков Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Күн-Туу айылында туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. 2004-жылы жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин студия ачып, клип, видеороликтерди тарта баштаган. "Бешкемпир", "Маймыл", "Селкинчек", "Сүтак" өңдүү тасмаларды тарткан.