10- Июль 1925 -жылы Чейрек кылымдан бери саясатта жүргөн Малайзиянын мурдагы премьер-министри Махатхир Мохамад туулган
Малайзиянын учурдагы премьер-министри, көрүнүктүү саясатчы Махатхир Мохамад бүгүн, 10-июлда 94 жашка чыкты. Ал 1925-жылы мугалимдердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Чейрек кылымдан бери саясатта жүргөн Мохамад өз кесиби боюнча дарыгер. Ал Сингапурдагы медициналык университетти аяктаган. 1946-жылы ал жаңы түзүлгөн Малазиялык улуттук бириктирилген уюмдун мүчөсү болуп кирген. Ал эми 1964-жылы уюмдун катарында парламент мүчөсү болгон. 1969-жылы өкмөт башчыга кескин сын айтканы үчүн парламенттен кеткен. Ал эми 1972-жылы жаңы премьер-министрдин буйругу менен парламентке кайтып келип, сенатор болуп дайындалган. 1974-жылы Билим берүү минстри болуп эмгектенген. 1976-жылдан 1981-жылга чейин премьер-минстрдин жардамчысы болуп эмгектенген. Ал эми 1981-жылдан 2003-жылга чейин өкмөт башчы кызматын ээлеп турган. 15 жылдык тыныгуудан кийин Мохамад 2018-жылдын 10-майында кайрадан премьер-министр болуп дайындалган. Муну менен ал кызматта отурган дүйнө жүзүндөгү эң картаң өкмөт башчы болуп калган. Минстрдин 7 баласы бар. Бардыгы мамлекттик кызматтарда иштешет. 10-июлга карата жылнаама.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан