15- Август 1974 -жылы Футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов төрөлгөн
Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын президенти Канатбек Маматов 1974-жылы Ош облусунда төрөлгөн. Канатбек Маматов өз убагында өлкөбүздүн футбол боюнча Жогорку Лигасында "Алай" футболдук клубунда ойноп, чет элдик футболдук клубдарда дагы ойноп келген. Ал Индия чемпиондугунда "HAL Бангалор" жана "ITI Бангалор" клубдарында күч сынашкан. Профессионалдык карьерасын жыйынтыктаган соң ардагерлер арасындагы чемпиондуктарда күч сынашып, "Топ Юнайтед" жана "Абдыш-Ата" командаларында ойногон. 2019-жылы Кыргыз Республикасынын футбол федерациясынын кезексиз жыйыны болуп, анда Канатбек Маматов федерациясынын башына 4 жылдык мөөнөткө шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан