11- Сентябрь 1971 -жылы
Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашев төрөлгөн
Таалайбек Сарыбашев 1971-жылы Алай районунун Гүлчө айылында туулган. 2008-жылы Ош мамлекеттик юридикалык институтунун юриспруденция адистигин аяктаган. 1989-1991-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1989-жылы - Алай районундагы автобазада слесарь; 1991-2008-жылдары - сатуучу, базардын директору, жеке ишканада эсепчи; 2008-жылы - Алай райондук кеңешинин депутаты; 2012 -2015-жылдары - Алай райондук администрациясынын башчысы; 2015-жылдан баштап өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келген.