31- Октябрь 1999 -жылы
Ырчы Кызсайкал Кабылова төрөлгөн
Куудул Кабыл Бөрүбаевдин кызы, ырчы Кызсайкал Кабылова 1999-жылы 31-октябрда төрөлгөн. Кичинекей кезинен сахнада жүргөн Кызсайкал агасы Мажит менен "Бир тууганым" деген ырын аткарып, белгилүү болгон. 2017-жылы 18 жашында ал модель, жеке ишкер Эрнис Айдаралиевге турмушка чыгып, экөө кыздуу болушкан. Турмушка чыкканда чыгармачылыкты экинчи планга койгон Кызсайкал сахнадан алыстап кеткен эле. 2019-жылы ырчы айым жолдошу менен ажырашканын ачыктаган. Учурда ал чыгармачылыкка жең түрө киришип, жаңы ыр, клиптерди байма-бай элге тартуулап келет.