25- Ноябрь 2000 -жылы Кыргыз улуттук футбол курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов төрөлгөн
Футбол боюнча кыргыз улуттук курама командасынын жана Беларустун "Неман" клубунун жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов бүгүн, 25-ноябрда 19 жашка чыкты. Футболчу 2000-жылы Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарында төрөлгөн. Бишкектеги №42 орто мектепти аяктаган. Белгилүү куудул Жаныбек Алыкуловдун кенже уулу. Агасы шоумен Манас Алыкулов. "Дордой" футболдук клубунун тарбиялануучусу. 2017-2018-жылдары Түркиянын "Антальяспор" клубунда ойногон. Кыргыз улуттук кураманын атынан 2019-жылдын 11-июнунда Кыргыз-Палестина беттешинде дебюттук оюнун өткөргөн. Азыркы учурда Беларустун "Неман" клубунда ойноп келет. Катар-2022 Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюндарынын алкагында Моңголиянын, Мьянманын Кыргыз өлкөсү менен болгон беттештеринде бирден гол киргизген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан