6- Январь 1967 -жылы
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмиль Осмонбетов туулган
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов 1967-жылы 6-январда Бишкек шаарында туулган. Ал 1991 — Фрунзе политехникалык институтун геологиялык сүрөткө тартуу, пайдалуу кен тилкелерин иликтөө адистиги боюнча аяктаган.
1987-жылы Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;
1987-1988-жылдары Фрунзе политехникалык институтунда лаборант;
1989-жылы "Кыргызгеология" геологиялык-экономикалык иликтөөлөрүнүн кыргыз методикалык экспедициясынын практикадагы техник-геолог;
1990-жылы "Кыргызгеология" Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы. Окторкой ГИИ, 3-разряддагы жумушчу;
1991-1992-жылдары "Кыргызгеология" геологиялык-экономикалык иликтөөлөрүнүн кыргыз методикалык экспедициясы. Геохимиялык отряд, геолог;
1992-жылы "Кыргызгеология" ӨБ геологиялык-экономикалык иликтөөлөрүнүн кыргыз методикалык экспедициясы. Мумие чогултуу жана Чагылган толкундар ыкмасын иликтөө боюнча геологиялык-иликтөө отряды, Отряддын начальниги;
1992-1994-жылдары Чүй облустук мамлекеттик администрациясы. Тоо-кен өндүрүү өнөр жайы боюнча бөлүмүндө башкы адис;
1994-1996-жылдары Чүй облустук экономика, өнөр жай жана материалдык ресурстар башкармалыгында башкы адис;
1996-1998-жылдары Чүй облустук мамлекеттик администрациясы, өнөр жай бөлүмүндө башкы адис;
1998-2000-жылдары Кыргыз тоо-металлургиялык институтунун илимий-окуу борборунда директор;
2000-2003-жылдары Кыргыз тоо-металлургиялык институтунун "Мамэкология" факультетинде декан;
2006-2008-жылдары "Жер-Үй Алтын" ЖАКы, геолог, башкы геолог;
2008-2012-жылдары «Mineral resources Company» ЖЧКсында башкы директор;
2012-2013-жылдары Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамагенттигинде министрдин орун басары;
2013-2016-жылдары «Mineral resources Company» ЖЧКсында башкы директор;
2016-жылдын бери "Кыргызалтын" ААКта директорлор кеңешинин мүчөсү;
2018-жылдын сентябрь айынан тарта Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы.