4- Июнь 1969 -жылы Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков туулган
Мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 1969-жылдын 4-июнунда туулган. 1987-жылы Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы факультетинин “Кыргыз тили жана адабияты” адистигин аяктаган. 1993-2011-жылдары Ош МУнун кыргыз филологиясы факультетинин тил таануу кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор; 1995-1997-жылдары ОшМУнун “Нур” гезитинин редактору; 1997-1998-жылдары ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинде декандын орун басары; 1998-2005-жылдары ОшМУнун коомдук жана тарбия иштери боюнча проректору; 2005-2006-жылдары ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору; 2006-2011-жылдары Ош гуманитардык педагогикалык институтунун ректору; 2011-2019-жылдары Ош мамлекеттик университетинин ректору; 2019-жылдын 11-сентябрь айынан тартып билим берүү жана илим министри болуп эмгектенип, былтыр кызматтан бошотулган. 2020-жылы ал каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан