23- Июнь 1967 -жылы
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев туулган
Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев 1967-жылы 23-июнда Кара-Буура районунун Аманбаев айылында туулган. Марат Мураталиев 1985-1987-жылдары аскер кызматын өтөгөндөн кийин, Фрунзе шаарындагы кооперативдик техникумду бүтүргөн.
- 1992-2007-жылдары жеке ишкер;
- 2007-жылы Талас шаарындагы “Арсенал-Курулуш" компаниясынын директору;
- 2007-2012-жылдары Кара-Буура райондук кеңешинин депутаты;
- 2012-2015-жылдары Талас шаардык кеңешинин депутаты;
- 2016-жылы Талас облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси;
- 2017-жылдын 4-декабрынан тарта өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарымдуу өкүлү.