28- Январь 2021 -жылы Садыр Жапаров президенттик кызматка киришип жатып ант берди
Бүгүн, 28-январда, Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент Садыр Жапаровдун кызматка киришүү ант аземи өттү. "Мен Жапаров Садыр Нуркожоевич, Кыргыз Республикасынын президентинин кызматына киришип жатып Кудайдын жана элимдин алдында мамлекет башчысынын ыйгарым укуктарын адилеттүү ишке ашырууга, жарандардын укуктарын коргоого, элибиздин, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, коопсуздугун сактоого ант беремин", - деди ал. Ал ант берүү алдында филармониянын алдындагы Манастын эстелигине токтоп, таазим кылды. Иш-чарага катардагы жарандардан, коомдук ишмерлерден, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрүнөн, ата мекендик жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилеринен турган миңден ашуун мейман катышты.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан