6- Февраль 1995 -жылы Германиялык футболчу Леон Горецка туулган
Германиялык футболчу Леон Горецка Германиянын түндүгүндөгү Бохум шаарында төрөлгөн. 1999-жылы, 4-жашында жергиликтүү "Вернер SV06 Бохум" футбол академиясына келген.Эки жылдан кийин "Vfl Bochum" клубунда тарбиялана баштаган. 17-жашында Фриц Вальтер сыйлыгын(Германияда жаштар арасында беделдүү сыйлык) жеңип алгандан кийин Бавария, Арсенал, Барселона, Манчестер Юнайтед жана Реал Мадрид клубдарын өзүнө көңүл бурдура алган.Леон көпчүлүк футболчулардан айырмаланып, чоң клубтардын чакырусунан баш тартып, 2013-жылы 4млн еврого Гельзенкирхендик "Шальке 04" клубуна кошулган. Гельзенкирхендик клуб үчүн 5-жыл аралыгында 147оюнда 19гол жаратууга жетишкен. 2018-жылы "Шальке 04" командасы менен келишими бүткөндүгүнө байланыштуу, Мюнхендик Баварияга эркин агент болуп кошулган. Мюхендик команда менен Чемпиондор лигасын, Герман кубогун, Германия биринчилигин бир нече ирет жеңген. Улуттук курама команда менен 2017-жылы Орус өлкөсүндө өткөн Конфедерация кубогун дагы жеңүүгө жетишкен.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан