13- Август 1971 -жылы
"Бригада", "Бумер" тасмалары менен таанылган орус актёру Владимир Вдовиченков төрөлгөн
Орус актёру Владимир Вдовиченков Калининград облусунда, Гусев шаарында төрөлүп, мектепти бүткөнчө ошол шаарда жашаган. Кичинекей кезинен бокс менен машыгып, тасмаларды жакшы көргөн. 1989-жылы мектепти бүтүрүп, төрт жыл Түндүк жана Балтика флотторунда кызмат өтөгөн. 1997-жылы Бүткүл Орусия мамлекттик кинемотография университетине тапшырып, 2001-жылы аяктаган. Студент кезинде эле ар кандай клиптерде, жарнамаларда, тасмаларда тартыла баштаган. Төртүнчү курс кезинде Владимирди режиссёр Алексей Сидоров "Бригада" сериалына башкы ролдордун бирине бекиткен. Филдин ролу Владимирге атактуулукту алып келген. Андан соң "Бумер" тасмасындагы Костянын ролу анын ийгилигин бекемдеткен. 2002-жылдан бери Е. Вахтанг атындагы Мамлекеттик академиялык театрда иштейт.
2007-жылы "Бумер" тасмасындагы ролу үчүн "Кумир" сыйлыгынын лауреаты.