Комедиялык тасмалардын чебери, француз актёру Пьер Ришар Валансьенде төрөлгөн. Бойго жеткен маалында Парижге Шарль Дюллендин драматикалык курсуна тапшырган, андан соң Жан Виларда стаж өткөн. Бирок анын театрда жолу болгон эмес: ага ар дайым экинчи иреттеги ролдор берилчү.