
Атактуу америкалык ырчы, продюсер, бийчи, жазуучу, кинорежиссёр, сценарист, филантроп Мадонна (Мадонна Луиза Вероника Чикконе) Мичиган штатында, Бей-Сити шаарында туулган. 1978-жылы Мадонна бийчи болуу максатында Нью-Йоркко көчүп келген, рок-топтордун катышуучусу болуп, кийинчерээк ыр жазып баштаган.
1983-жылы "Мадонна" аттуу дебюттук альбомун чыгарган. Мадоннанын эсебинде MTV Video Music Awards церемониясынын 20 статуэткасы жана 7 Грэмми сыйлыгы бар. Ырчынын көптөгөн ырлары дүйнөлүк чарттарда биринчиликтерди алып рекорд койгон: "Like a Virgin" (1984), "La Isla Bonita" (1986), "Like a Prayer" (1989), "Vogue" (1990), "Frozen" (1998), "Music" (2000), "Hung Up" (2005) жана "4 Minutes" (2008).
Гиннес рекорддор китеби боюнча Мадонна эң ийгиликтүү коммерциялык аткаруучу деп берилген. Time журналы анын азыркы музыкага берген таасири үчүн "Өткөн 100 жылдыктын эң өкүмчүл 25 айымы" тизмесине киргизген.
Billboard Мадоннаны жеке ырчылардын арасынан эң ийгиликтүү жана мыкты артист деп тапкан. 1980-жылдардын акырынан бери Мадонна "Поп-музыкасынын ханышасы" деп аталып келет.