Рок-н-роллдун падышасы, америкалык ырчы жана актёр Элвис Пресли Американын түштүгүндө, Миссисипи штатында 1935-жылы 8-январда туулган. Ырчылык таланты бала кезинен эле билинип, бирок ырдоо манерасы башкача болгон. Кийин Элвистин дал ошол ырдоо манерасын, ошол үнүн элдин баары жактырып, өсүп-чоңойгон Мэмфис шаары эле эмес, бүткүл Американын жаштары Элвисти туурап ырдай баштаган. Кийин Голливудга келип, катардагы ырчыдан Америка менен Европа сыйынган эстрада кумирине чейин жеткен. Элвистин атак-даңкы, дүйнөлүк аброю зор болгондуктан, АКШнын президенти Ричард Никсон аны менен атайын жолугуп, "жаңы муундун жаштарын жакшы жакка тарбиялоого жардам бериңиз" деп суранган.