Крымдын Гурзуф шаарчасында айтылуу советтик “Артек” пионерлер лагери ачылган. "Артек" деген ат ошол чөлкөмдөгү жердин аталышынан алынган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында "Артек" Крымдан Сталинградга көчүрүлгөн. 1944-жылы Крым немистердин курчоосунан бошотулганда гана кайрадан мурунку жерине жайгашкан.