25- Август 1227 -жылы Улуу Монгол империясын негиздеген, дүйнөнүн каратуучусу Чыңгызхан көз жумган
Монголдорду бириктирип, Улуу Монгол империясын негиздеген, дүйнөнүн каратуучусу Чыңгызхан Хуанхэ дарыясынын жанында дүйнө салган. Анын кандайча каза болгону тууралуу ар кандай божомолдор айтылат.
Темучин түбөлүк жашоону, өлбөстүктү каалаган. Ооруп калганда, ордосуна түбөлүк жашоонун сырын билген даос кечилин чакырткан. Анткен менен ал ар бир адамдын башында турган өлүмдөн кутула алган эмес.
Чыңгызхан акыркы керээзинде мураскорлукка Бортэ төрөгөн үчүнчү уулу Угедейди калтырарын айткан. Салтка ылайык, Чыңгызханды жерге бергенден кийин, анын зыйнатына катышкан аскерлер, кулдар, сулуу кыздар да өлтүрүлгөн. Алар муну хандын жайын ашыкча адам билбесин деген максатта жана анын кийинки жашоосунда аскерлер, кулдар керек болот деген түшүнүк менен жасашкан.
Хандын сөөгү ал энеси менен бала кезинде жашаган тоого коюлуп, бирок ушул күнгө чейин Темучиндин бейити табылбай келет.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан