22- Август 1974 -жылы Орусиялык театр жана кино актёру Марат Башаров туулган
Орусиялык театр жана кино актёру Марат Башаров Москвада туулган. Мектепти аяктаган соң Марат Башаров МГУнун юридикалык факультетине тапшырып, бирок окуусун аягына чейин бүтүрбөстөн таштап, Москва шаарындагы М.С.Щепкин атындагы Жогорку театралдык окуу жайына тапшырган. Ал жакта окуп жүргөндө эле ар кандай жарнамалык роликтерге тартылып, ал эле эмес Никита Михалковдун "Утомлённые солнцем" тасмасында эпизоддук роль жаратканга үлгүргөн. Ошондон тартып тасма талаасына аралашып, "Сибирский цирюльник", "Ворошиловский стрелок", "Граница. Таёжный роман", "Гибель империи", "Турецкий гамбит", "Господа офицеры: Спасти императора", "Служебный роман. Наше время", "Анна Герман" аттуу белгилүү тасмаларга тартылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан