22- Август 1999 -жылы Советтик актёр Александр Демьяненко каза болгон
Атактуу советтик “Кавказ туткуну”, “Ы операциясы”, “Иван Васильевич кесибин алмаштырат” тасмаларында өчпөс роль жараткан актёр Александр Демьяненко (Шурик) 62 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумган. 
Актёр 1937-жылы 30-майда ошол кездеги Свердловск, азыркы Екатеринбург шаарында туулган. Атасы Сергей Демьяненко ГИТИСти (театралдык окуу жай) аяктаган актёр болгон. Александр Демьяненко актёрлук ийримдерге катышып, атасынан өткөн талантын такшалтууга аракет кылган. Бирок 1954-жылы мектепти аяктагандан кийин, апасы менен таенеси анын актёр болушуна каршы чыгышат. Алардын мажбурлоосу менен Свердловск университетинин юридикалык факультетине тапшырып, ошол жерде окуп калган. Бирок окуусун жакшы окуганына карабай, жарым жылда таштап салган. Москвага сапар алып, сыноодон ГИТИСке да, Щукин атындагы окуу жайына да өтүп кетет. Тандоого келгенде "атам ГИТИСте окуган" деп ошол жерде калган.
ЖОЖдо окуп жүрүп, студент катары өзүн жакшы көрсөтө албайт. Сабактарды көп калтырат. Устаты, профессор Иосиф Раевский анын талантына, келечегине ишенгендиктен, бардык жоруктарын кечирген. Анын талантын баалап, 3-курсунда киного чакырышат. Ошентип, актёрлук өмүрүндө алгачкы болгон “Шамал” аттуу тасмада башкы ролдордун бирин ийгиликтүү жаратат. Тасмада Митя аттуу жаш, эр жүрөк жигиттин ролун аткарат. 
1959-жылы окуу жайды аяктап, Москва шаарындагы Маяковский атындагы театрга орношуп, 2 жыл эмгектенет. Бирок жарытылуу деле ролдор тийбей коёт. Ал ортодо балалык кезинен бери тааныш болгон Марина аттуу кызга үйлөнөт. Жакшы роль тийбей же үстүндө үйү жок, эки жаш түзүк эле кыйналышат. Акыры Москвадан Санкт-Петербургга кетүүнү чечишет. Анткени ал жактан “Ленфильм” киностудиясынан чакыруу түшкөн эле. Киностудия үстүнө үй берет. Ошентип, 1961-жылдан 1964-жылга чейин Демьяненко бир нече фильмдерге тартылууга жетишет.
1964-жылы Леонид Гайдай өзүнүн белгилүү комедияларын тартууну баштайт. Башкы ролго адам көпкө издейт. Ошондо ага "Санкт-Петербургда Александр Демьяненко деген актёр бар. Ошол сенин каарманың" деп айтышат. Эч ойлонбой келечектеги Шурикти көздөй жөнөйт. Аны биринчи көргөндө эле дал ушул актёр анын ийгилигинин ачкычы экенин түшүнөт. Ошентип, "Ы" операциясы жана Шуриктин башка окуялары" комедиясы тартыла баштайт. Ал кезге чейин комедиялык образдарды жаратпаган Демьяненко съёмка аянтына чыгып, режиссёрдун көрсөтмөлөрүн так аткарып берет. 
1965-жылы тасма жарыкка чыгары менен даңкталып, актёрго болуп көрбөгөндөй атактуулук алып келет. Андан эки жыл өткөндөн кийин Гайдайдын "Кавказ туткуну же Шуриктин жаңы окуялары" кинотасмасы экранга чыгат. Бул тасма да бүткүл СССР аймагы боюнча баш айланткан ийгиликке жетип, Александр элдин сүймөнчүгүнө айланат. Көчөдөн көргөндөр "оо, Шурик" деп тааный баштаган. Жадакалса кээ бирлери "сен Шуриксиңби?" деп кулагын чоюп, көз айнегин оңдогонго чейин барышчу. Жаратылышынан токтоо жаралган Шурикке мунун баары жага бербейт. Бирок ал кезде күйөрмандардын толкунун токтотуу мүмкүн эмес эле. 
Каарманыбызды атак-даңк көп жылдар бою коштоп жүрөт. 1973-жылы Шурик тартылган акыркы "Иван Васильевич кесибин алмаштырат" комедиясы кино сүйүүчүлөргө сунушталат. Бул тасма да көрүүчүлөр тарабынан жакшы кабыл алынып, атак үстүнө атак алып келет. Бирок көп өтпөй актёр үчүн анын Шурикке байланышкан атактуулугу трагедияга айланат. Анткени көпчүлүк режиссёрлор Александрды чоң ролдорго чакырбай калышат. Баары ага түбөлүккө байланып калган Шуриктин образынан коркушат. Анткени режиссёрлорду "көрүүчүлөр, мүмкүн, тасманы комедия катары кабылдап калышат" деген ой кыжалатка салган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан