23- Август 1875 -жылыТынай бий уулуАтаке баатыр Орусия императору Екатерина IIге кат жолдогон
Тынай бий уулу Атаке баатыр орус императору Екатерина IIге кат жолдогон. Атаке баатырдын каты токтоо дипломатиялык мүнөздө жазылып, кыргыздардын империяга дайыма көмөктөшө тургандыгы жана Ташкенттен багыт алчу кербендерди орус өлкөсүнө жетишин камсыз кыла тургандыгы билдирилген. Мындан тышкары, Атаке баатыр “анын улуу урматтуулугуна” кербен жөнөтүп, аны менен кошо бир арап, үч барстын жана беш сүлөөсүндүн терисин тартуулагандыгын кабарлайт.