Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев мамлекеттик кызматкердин этикасы туурасында маселени көтөргөн. Анын пикирине ылайык, айрым чиновниктер коомдук репутациясы шектүү адамдардын той-топуруна катышып, мамлекеттик кызматчынын наркын кетире баштаган. Төраганын кооптуу маселеге кайрылышына криминалдык шектүү элементтердин Ысык-Көлдө өткөргөн тоюна мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров катышты деген сөздөр себеп болгон.