24- Август 2008 -жылы Бишкек-Тегеран каттамы боюнча жол алып, абага көтөрүлгөн Боинг-737 учагы жерден 1000 метр көтө­рүл­гөндөн кийин ылдый көздөй кулаган
Кечки саат 20:30да “Итек Эйр”компаниясына таандык Боинг-737 учагы Бишкектен Ирандын Тегеран шаарына багыт алган. Учак бийиктикке көтөрүлгөндөн кийин 10 мүнөт өткөндө техникалык бузулуулар тууралуу экипаждын командири “Манас” аэропортуна билдирүү жасап,  конууга уруксат алган. Бирок, жерден 1000 метр көтө­рүл­гөн учак конууга үлгүрбөй, жерге катуу урунуп, учактын куйрук жагы жалындап күйө баштаган. Андан соң катуу жарылууга учураган. Бортто бардыгы 90 адам болгон. Кыргызстандыктардын ичинде Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Билал Чыныбаев, Бахтияр Кадыров, 17 адамдан турган баскетбол боюнча спортчулар командасы болгон. Кырсык болордон 2 саат мурун  Боинг-737 Москвадан учуп келген. Самолёттун жарылуусунун кесепетинен 68 адам каза таап, аман калган 22 адам жергиликтүү ооруканаларга жеткизилген. Каза болгондордун ичинде Иран, Канада, Түркия, Казакстан, Кытай жана КРнын жарандары болушкан. 2008-жылдын 26-августу Кыргыз өлкөсү үчүн аза күтүү күнү деп жарыяланган. Кырсыктан тирүү калган экипаждын 2 мүчөсү Юрий Гончаров жана Тимофей Водолагин кырсыктын алдын албагандыгы үчүн күнөөлөнүп, 5 жылга эркинен ажыратылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан