Кыргызстандын алгачкы космонавты, Кыргыз Республикасынын жана Орусия Федерациясынын Баатыры космонавт Салижан Шарипов Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган. Өзгөн шаарындагы Фрунзе атындагы мектептен билим алган. Харьковдогу жогорку аскердик-учкучтар окуу жайын бүтүргөн. Окуусун бүткөн соң мекенине кайтып келип, Токмок шаарындагы окуу-машыгуу полкунда эмгек жолун баштаган.