16- Июнь 1950 -жылы Индиялык актёр Митхун Чакраборти туулган
200дөн ашуун тасмаларда роль жараткан индиялык популярдуу актёр Митхун Чакраборти Бенгалиянын түндүгүндө жайгашкан Калькутта шаарында төрөлгөн.
Алгачкы жолу Митхун Чакраборти киного тартылууну Дулал Гухтун “Два незнакомца” фильминде эки мүнөттүк эпизоддо ойноо менен баштаган. Мындан көп узабай эле “Королевская охота” аттуу фильмде баш каармандын ролун жараткан. 1976-жылы бул кино экран бетине чыгып, улуттук кинофестивалдан “Золотой лотос” сыйлыгына татыктуу болгон. Ал эми Митхун Чакраборти өлкөнүн мыкты актёру деп табылган. Карьералык даражасынын жогорулоо мезгили 1980-жылдарга туура келет. Анткени, Митхун Чакраборти режиссёр Баббар Субхаштын “Танцор Диско” аттуу чоң долбооруна чакыруу алат. 1982-жылы бул кино жарыкка чыгып, Митхун популярдуулуктун туу чокусун багындырган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан