27- Август 1860 -жылы Орус полковниги Циммермандын отряды Кокон хандыгынын Токмоктогу чебин 40 сарбазы менен басып алган
Заилийск аймагынын аскер командачысы, полковник Циммермандын отряды Кокон хандыгынын Токмоктогу чебин ээлеп алган. Полковник Циммермандын аскер отрядына согуш куралдары менен кошо 40 сарбаз колго түшкөн. Токмок чеби жана анын курулуш өзгөчөлүгүн топограф прапорщик Стрельников иликтеген.
Чеп Чүй суусунун боюндагы жарга такай курулган. Чептин батыш жана түндүк тарабы жарга ыктай салынып, калыңдыгы 4 метр, бийиктиги 4 жарым метрдик тышкы дубал менен курчалган. Аскер аналитиктеринин белгилөөсүнө караганда, кокондуктардын чеби түрк аскер архитектурасынын стилине ылайык курулган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан