27- Август 1916 -жылы
Кыргыздардын Пржевальск шаарын басып алуу коркунучун жоготуу максатында, жүзбашы Волковдун аскер отряды Пржевальскиге киргизилген
Ысык-көлдүк кыргыздардын 1916-жылкы көтөрүлүшү август айынын 20ларында толугу менен солгундаган. Жети-Суу аскер губернаторунун буйругуна ылайык, көл калаасына кошумча аскер күчтөрү киргизилип, кыргыздардын козголоң толкуну акырындап басаңдай берген. Кыргыздардын Пржевальск шаарын басып алуу коркунучун жоготуу максатында 27-август күнү жүзбашчы Волковдун аскер отряды Пржевальскийге киргизилген.