Кыргызстандык академиктер арасындагы кызуу талкуу туу чокусуна жеткен. Б.Юнусалиев, А.Токомбаев жана А.Алтымышбаев орус тилинен кыргызчага кабыл алынган сөздөрдү жана терминдердин туура жазылышы туурасында талашып, алардын макалалары маалымдоо каражаттарында жарыяланып турган. Мындан тышкары, алар биринчи жазгыч акын Молдо Кылыч жана илимпоз Касым Тыныстановдун илимий мурастарына кайрылышып, аларды ачыкка чыгаруу маселесин да козгошкон.