20- Апрель 1973 -жылы
Советтик актёр Николай Симонов дүйнөдөн кайткан
Советтик актёр Николай Симонов 71 жашында Ленинградда дүйнөдөн кайткан.
Николай Симонов бүткүл СССРге белгилүү болгон "Сталинград салгылашуусу" ("Сталинградская битва", 1949), "Адам-амфибия" ("Человек-амфибия", 1962) сыяктуу тасмаларга тартылып, көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланган. Үзүрлүү эмгегинен улам 1950-жылы СССРдин Эл артисти, 1971-жылы Социалисттик Эмгектин Баатыры деп табылып, ал эми 1941-1947-1950-жылдары үч ирет Сталиндик сыйлыкка ээ болгон.