Англиялык жана америкалык актёр Шон Коннери Шотландиянын Эдинбург шаарында туулган. "Оскар" сыйлыгынын лауреаты, "BAFTA" сыйлыгынын эки жолку ээси, "Алтын глобус" сыйлыгынын үч жолку лауреаты Шон Коннери 70тен ашууна тасмада роль жараткан. Алардын ичинде Ян Флемингдин чыгармасынан улам тартылган 7 тасмада (тартылган жылдары –1962, 1963, 1964, 1965, 1967, 1971, 1983) Шон Коннери Жеймс Бонддун образын жараткан.