Германиялык модель, актриса Клаудиа Шиффер Германиянын Райнберг шаарында туулган. Модель катары 1987-жылы дебют жасаган. Алгач "ELLE" журналына тартылып, кийин "Chanel" мода үйү менен келишим түзгөн. Моделдик карьерасында Клаудиа Шиффер журналдардын бетинде болжол менен 900 жолу чыгып, немис ММКлары аны Германиянын эң бай аялдарынын катарына кошуп келген. Күнүнө 50 миң АКШ долларын алган моделдин байлыгын "Форбс" журналы 55 миллион АКШ долларына теңеген.