26- Август 1910 -жылы Тереза эне атка конгон Агнес Гонджа Бояджиу туулган
Теги албаниялык болгон диний ишмер, “Нобель” сыйлыгынын лауреаты, Тереза эне (мать Тереза) атка конгон Агнес Гонджа Бояджиу македондук Скопье шаарында албаниялык жемиш сатуучунун үй-бүлөсүндө туулган. Ал 18 жашынан баштап кечилдик жашоону тандап алат. 1948-жылдын 16-августунда Рим чиркөөсүнөн уруксат алып, эркин кечилдикке өтөт. Аалам кезип кайрымдуулук кылууну максат кылат. Индия, Сомали өлкөлөрүн, Калькутта шаарындагы жарды аймактарды, тактап айтканда, эң булганч, оору-сыркоо көп болгон жерлерди атайын тандап, адамдарга жардам берет. Дүйнөдө СПИД менен ооругандарга клиника ачкан биринчи адам да Тереза болгон. Анын иштери көпчүлүктүн көз жаздымында калбай, дүйнөнүн бардык бурчунан анын атына кайрымдуулук үчүн каражаттар агылып келе баштайт. Агнес Гонджа Бояджиу 20 чактыдай госпиталь куруп, 10 чакты балдар үйүн негиздеп, 50 миңдей адамды бага ала тургандай даражага жетет.
1979-жылы Тереза энеге тынчтык "Нобель" сыйлыгы "Азап чеккен адамга жардам берүү ишкердиги үчүн" ыйгарылган. Бирок ал салтанатка келүүнүн ордуна Бейрутка учуп кеткен. Анткени кандуу өрөөндөн 38 жаш баланы алып чыгып кетүү миссиясы аталган сыйлыктан ары жогору, ары сыймыктуу болгон.
Агнес Гонджа Бояджиу 1997-жылы 5-сентябрда 87 жаш курагында каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан