27- Август 1981 -жылы
Советтик хоккейчи Валерий Харламов көз жумган
Атактуу советтик хоккейчи Валерий Харламов автокырсыкка кабылып, 33 жашында көз жумган. Мыкты хоккейчи Валерий Харламов 1967-1981-жылдары ЦСКА, 1969-1980-жылдары СССРдин курама командасында ойногон. Ал 1969-жылы СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери деп табылган. Валерий Харламов эки жолку олимпиада чемпиону (1972, 1976), сегиз жолку дүйнө чемпиону болгон. Ал 1972-1973-жылдары СССРдин мыкты хоккейчиси деп аталган.