28- Август 1749 -жылы
Немис акыны, ойчул, илимпоз Иоганн Вольфганг Гёте туулган
Немис акыны, ойчул, илимпоз Иоганн Вольфганг Гёте Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарында туулган. Ал Германия агартуучусунун ири өкүлү, жаңы немис адабиятын негиздегендердин бири, теориялык өнүгүштү алдын ала көрө билген көп кырдуу илимпоз болгон.
Гёте табият таанууда жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн салыштырма морфологиясы, физика, минералогия, геология боюнча бир нече эмгек жазган. Кадимки "морфология" деген терминди илимге Гёте киргизген.
Иоганн Вольфганг Гёте 1832-жылы 22-мартта 82 жашында көз жумган.