30- Август 2003 -жылы
Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Кыргызстандын эркиндигин даңазалаган "Эркиндик" айкели ачылган
Борбор шаардын "Ала-Тоо" аянтында Кыргызстандын эркиндигин даңазалаган “Эркиндик” эстелиги ачылган. “Эркиндик” 1999-жылы скульптор Тургунбай Садыков тарабынан жасалып, эгемендүүлүктүн 12 жылдыгына, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналып, 2003-жылы Лениндин эстелигинин ордуна коюлган. Бийиктиги 11 метрдик колодон жасалган эстеликте кыргыз калкы кылым көксөгөн эркиндик символу - Эне образы аркылуу берилген. Анда аял сол колунда боз үйдүн тундүгүн көтөрүп турган. Айкелдин негизинде тоголок шар орун алып, ал дүйнө жүзүндөгү тынчтыктын белгиси болгон.
Ал коюлган күндөн тартып талаш-тартышты жаратып келген. "Эркиндик" эстелиги 2011-жылы 28-июлда алынып, анын ордуна Манас баатырдын айкели орнотулуп, анын ачылышы 30-августта болору кабарланган.