30- Август 1966 -жылы
Боксчу Орзубек Назаров төрөлгөн
Бокс боюнча профессионалдар арасында Дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССРдин спортуна эмгеги сиңген чебери, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спортчусу, Кыргыз Республикасынын Бокс федерациясынын вице-президенти, 4-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Орзубек Назаров Кант шаарында туулган. Кыргыз мамлекеттик физкультура институтун бүтүргөн. Жаш кезинен спорт оюндарынын ичинен бокска кызыгып, машыга баштайт. 16 жашында СССР спортунун чебери, 18 жашында Эл аралык класстагы спорт чебери даражасына жетишкен. Спорт сүйүүчүлөр арасында СССРдин жаштар арасындагы мелдешинин 4 жолку жеңүүчүсү, Европанын 2 жолку, СССРдин 3 жолку чемпиону, дүйнө чемпиондугунун 3 жолку байге ээси, 1987-жылы Европанын эң мыкты мушкери болгон. Профессионалдык рингде Япониянын 5 жолку чемпиону, Азия менен Океаниянын 6 жолку чемпиону, дүйнөнүн 7 жолку чемпиону болгон. Спорт сүйүүчүлөрү арасында 165 жолу рингге чыгып, 153 ирет жеңишке жетишкен. Профессионалдык рингде 28 беттеш өткөрүп, анын 27син уткан (23өн нокаут менен). Ал өкмөттүк грамоталар, баалуу белектер, "Данк" медалы менен сыйланган.