2- Сентябрь 1998 -жылы
Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү аракети башталган
Кыргызстандын Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүүнүн кезектеги аракети башталган. Президент Аскар Акаев бул күнү Кыргызстан калкына кайрылып, Баш мыйзам беш пункт боюнча оңдоп-түзөтүүгө муктаж экендигин билдирген. Мамлекет башчысы сунуш кылган түзөтүүлөр кош палаталуу парламентти курууга жана депутаттык кол тийбестикти өзгөртүүгө багытталган.
Мындан тышкары жерге жеке менчик киргизилип, сөз эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салынып, бюджеттик популизмди чектөө сунушу негизги маселелер катары калк талдоосуна коюлган. Кыргызстан парламентинде биринчи жолу партиялык тизме боюнча шайлоо сунушу киргизилип, партиялар парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 60 депутатынын он бешин партиялык тизме менен шайлоого жетишкен.