4- Сентябрь 1860 -жылы падышалык 1750 жоокер жана 15 пушка менен куралданган орус аскерлери Пишпек чебин басып алышкан
Падышалык 1750 жоокер жана 15 пушка менен куралданган орус аскерлери Пишпек чебин басып алышкан. Пишпек чеби Кокон хандыгынын Чүй өрөөнүндөгү бийлик тиреги эсептелинип, аны мыкты куралданган 500 сарбаз кайтарган. Орус аскерлери Пишпекти беш күн камашып, аткылоочу куралдын артыкчылыгы менен чепти басып алууга жетишкен. Кокон хандыгынын урагыс тиреги деп кабыл алынган Пишпек чебинин кулашы Чүй өрөөнүндөгү кыргыздарга зор таасир тийгизген жана алардын мындан ары хандын залимдигинен кутулуу максатында орус армиясына көмөк көрсөтүшүнө себеп болгон. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан