30- Август 1954 -жылы Беларусь президенти Александр Лукашенко туулган
“Европанын акыркы диктатору” аталган Беларусь президенти Александр Лукашенко Витебск областындагы Копысь кыштагында туулган. 1975-жылы пединституттан "тарых мугалими" адистигин алган. Мектепте мугалимдеринин эскерүүлөрү боюнча бала кезинде тентек окуучу болгон, бирок тарых жана адабиятты жакшы өздөштүргөн. Аскердик кызматын саясий бөлүмдүн инструктору болуп өтөгөн, кийин дагы армияга кайрылып, рота командиринин саясий иштер боюнча орун басар болуп иштеген. 1993-жылы коррупциялык иштерди иликтеген комиссияны жетектеген, жыйынтыгы боюнча мамлекет башчысын да коррупционер деп айыптап чыккан. 1994-жылы президенттик тактыга келген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан