16- Август 1930 -жылы
Америкалык аниматор Аб Айверкс тарабынан алгачкы түстүү мультфильм тартылган
Америкалык аниматор Аб Айверкс тарабынан алгачкы "Fiddlesticks" аталышындагы түстүү мультфильм Technicolor технологиясы менен тартылган. Мультфильмдин узактыгы 6 мүнөт болуп, башкы каарман - баканын күлкүлүү окуялары баяндалган. Мультфильмде чычкан дагы бар болгон. Белгилүү Микки Маусту дал ушул чычкандын негизинде тартып чыгышкан. Бул мультфильм Аб Айверкстин Walt Disney компаниясынан кеткенден кийинки биринчи иши болгон. MGMден Аб Айверкска көп мультфильмдерди тартууга сунуш түшкөнү менен анын студиясы ийгиликтерге жетише алган эмес.