Италиялык жана француз автомобиль куруучусу 65 жашында Парижде каза болгон. Этторе Бугатти өзүнүн биринчи унаасын 17 жашында жасап, ал үчүн Миландагы көргөзмөдө алтын медалга татыган. Ишкер 1909-жылы өзүнүн "Bugatti" аталышындагы автомобиль куруучу компаниясын негиздеген.