22- Август 1991 -жылы
Советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер Борис Пуго өзүнүн жанын өзү кыйган
Советтик партиялык жана мамлекеттик ишмер, СССРдин Ички иштер министри Борис Пуго 54 жашында өзүнүн жанын өзү кыйган.
1991-жылы Борис Пуго ГКЧПнын мүчөсү жана "август путчунун" уюштуруучуларынын бири болгон. Ойлогон ою ишке ашпай, ГКЧП тарагандан кийин Борис Пугого каршы кылмыш иши козголгон. 22-август күнү Борис Пуго аялы экөө өз жанын өзүлөрү кыйышкан.