Чеченстандын туңгуч президенти Ахмат Кадыров Казакстандын Караганда шаарында туулган. Ахмат Кадыров Чеченстандын Кремлдин өкүмүн тааныган бийлигинин президенти кызматын аркалап турган чагында чечен жикчилери уюштурган террордук жардыруунун айынан 2004-жылы 9-майда 52 жашында каза болгон.